Тоң районунда көлдүн жээгине балык кармоочу вершалар орнотулду

Тоң районунда көлдүн жээгине балык кармоочу вершалар орнотулду

Тоң районундагы Ысык-Көлдүн куймаларына балык кармоочу верша жана шандорлор орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Верша — балыктар кире алган, бирок кайра чыга албай турган өзгөчө кармоочу шайман, ал балык уругун табигый жана жасалма көбөйтүү үчүн колдонулат.

Учурда балык кармоочу тосмо толук курулуп, анын негизинде Ысык-Көл форели балыгынын уругун алуу жана жасалма көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Бул чаралар экологиялык жана биологиялык талаптарга ылайык, туруктуу балык запасын камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага