Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды

Кечээ, 6-ноябрда Ошто Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу инспекторлор жана “Барс” тобунун кызматкерлери рейд жүргүзүштү.

Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, ар бирине 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды. Мыйзамсыз атылган 8 кекилик үчүн 16 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле Сүрөттүү-Таш участкасында белгиленбеген жерге таштандыларды таштап, өрттөгөн жаранга 7 500 сом айып пул салынды.

Рейддин максаты — жапайы жаратылышты коргоо, аң уулоо эрежелерин сактоо жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды