Бишкекте документсиз уюлдук телефондор сакталган кампа аныкталды

Бишкекте документсиз уюлдук телефондор сакталган кампа аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган баштапкы документтери жок уюлдук телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кампанын имаратын текшерүү учурунда баштапкы документтери жок 487 даана уюлдук телефон, 1 929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылды.

Аталган товарлар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда Салык кызматкерлери бул товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш алып барышууда, тактап айтканда, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендигин текшерүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде "Бир айыл -бир продукт" долбоорунун алкагында япон технологиясы менен дагы 10 продукция чыгарыла баштаганын Президенттин облустагы өкүлчүлүгү "Кабарга" билдирген. Аталган продукциялар улуттук экономикалык долбоордун алкагында бренд-комитеттин тандоосунан өткөн. Алар: * кызылча нектары; * өрүк гүлү чайы; * кургатылган өрүк данеги менен; * малина концентраты; * алма нектары; * жаңгак жана кургатылган

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Араван районунда  лимонду кайра иштетүүчү фабрика  ишке кирип, анда лимондун ширеси гана эмес, анын кабыгынан да заманбап жабдуулар менен варенье өндүрүлүп жатат. Бул технология фермерлердин арасында жайылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Райондо тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн фермерлерди колдогон консультациялык борбор

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

Соңку беш жылдын ичинде коррупциялык элементтерге каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион ТВ" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 30 миң гектардан ашык жер жана 1 миңге жакын ишкана мамлекеттин менчигине кайра кайтарылган. “Эмне үчүн Кыргызстанда

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын Төрагасы А.А. Салиевдин жетекчилиги астында KOICA жана CUPIA агенттигинин делегациясы менен бажы иши чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди жана өнүктүрүү преспективаларын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз бажысынын институционалдык дараметин модернизациялоо