Кыргызстан инновациялык курулуш боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргызстан инновациялык курулуш боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

6-7-ноябрда Кытайдын Пекин шаарында "Кытай – Борбор Азия 2025" аттуу эл аралык курулуш конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Конференцияга Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн курулуш министрликтери, шаар куруу боюнча улуттук институттар, илимий борборлор, тармактык ассоциациялар жана компаниялар да катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер жана алардын орун басарлары курулуш жана архитектура тармагындагы инновациялык технологияларды киргизүү, энергияны үнөмдөөчү шаарларды өнүктүрүү жана өнөр жайлык өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Конференцияда илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоо, курулуш стандарттарын шайкеш келтирүү, “жашыл” курулуш долбоорлорун ишке ашыруу жана Пекин демилгесин илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Пекин демилгеси узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизи болуп, курулуш жана шаар куруу тармагындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, рейд учурунда Москва районундагы №5 корук участогунда уруксат кагазы жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Унааны текшерүүдө мыйзамсыз олжолонгон кыргоол жана балыктар табылган. Факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлүп,

Ишкер Media
Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Кече Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Иэн Сондерс (Ian Saunders) КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы У.А. Кимсанов менен бирге “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пунктунда болду. Бул тууралуу аталаган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш сапардын жүрүшүндө конокторду өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, инфраструктураны модернизациялоо, бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу

Ишкер Media
Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

2026-жылдын декабрь айынан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 Жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, 1-декабрдан тарта кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго көбөйүп, укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат үчүн

Ишкер Media
Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты. Катышуучулар ISO 37001:2025 "

Ишкер Media