Норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаарынын аэропортунда Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылган.
Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүлөт.