Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тротуарларга чектегичтер орнотулду
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы айдоочулар мурда унааларын айдап кирип, токтотушкан жерлерге 10 даана чектегич орнотту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Иштер Жайыл Баатыр көчөсүндө, №77 жана №79 үйлөрдүн аймагында жүргүзүлдү.
Чектегичтерди орнотуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана тротуардын асфальт төшөлмөсүн сактоого багытталган.
Белгилүү болгондой, тротуардын жана жолдун асфальт катмарынын калыңдыгы бирдей эмес, ошондуктан унаалар тротуарга чыккан учурда асфальт катмарынын бузулуу коркунучу жогору болгон.

