Global Atomic Quiz – 2025: Бишкекте жаштар атомдук илим боюнча күч сынашты

Global Atomic Quiz – 2025: Бишкекте жаштар атомдук илим боюнча күч сынашты

Бүгүн Бишкектеги Инновация борборунда ядролук физика жана технология боюнча билимди жайылтууга арналган Global Atomic Quiz – 2025 эл аралык викторинасы болуп өттү. Иш-чара «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулуп, студенттерге заманбап технологиялар тууралуу билим берүү максатында өткөрүлдү.

Global Atomic Quiz дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн катышуучуларды бириктирген, жаштар арасында илимий билимге кызыгууну арттырууга багытталган эл аралык долбоор болуп саналат.

Кыргызстанда викторина экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Ага өлкөнүн алдыңкы университеттеринен жана лицейлеринен студенттер жана окуучулар катышышты.

«Росатом»: Кыргызстан илим жаатында активдүү өнүгүп жатат

Иш-чарада «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов викторинанын маанисине жана Кыргызстан менен Россиянын илимий кызматташтыгына токтолду.

Дмитрий Константинов
- Бүгүн Кыргызстанда эл аралык билим берүү долбоору — атомдук викторина экинчи жолу өтүп жатат. Бул долбоор 11ден ашуун өлкөнү бириктирип, жыл сайын 40 миңден ашык студенттерди жана жаш адистерди чогултат. Анын негизги максаты — билимди, илимди жана жогорку технологияны жайылтуу, жаштарды заманбап адистиктерге тартуу, — деди Константинов.

Ал белгилегендей, ядролук физика атомдук энергетиканын өзөгү болуп саналат жана бул тармакта билим берүү менен илимий потенциалды өнүктүрүү Кыргызстан үчүн да маанилүү.

- Россия менен Кыргызстандын ортосунда илим жана технология боюнча кызматташуу күн сана өнүгүүдө. Ядролук физика боюнча да биргелешкен иштер жүрүп жатат. Бул аракеттердин бардыгы келечекте Кыргызстанда атомдук энергетика өнүккөндө кадрлар жана илимий база даяр болушу үчүн жасалууда, — деди ал.
— Биз инженердик жана технология багытында билим алып жаткан студенттерге жана жаш кадрларга өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондой эле “Росатом” Кыргызстанда атомдук медицина долбоорун ишке ашырып жатат. 2025-жылы Онкология жана гематология борборунда ядролук медицина бөлүмү ачылып, 500дөн ашуун бейтап текшерүүдөн өттү. Бул — Кыргызстандагы мындай деңгээлдеги алгачкы борбор жана мунун мааниси чоң, — деп кошумчалады Дмитрий Константинов.

Студенттерди илимге кызыктырган интеллектуалдык оюн

Ал эми аталган интеллектуалдык оюнга студенттерин даярдап келген Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультетинин Техникалык физика кафедрасынын окутуучусу Гульмира Жумабаева мындай деди:

- Студенттеримди Global Atomic Quiz – 2025 викторинасына катыштырууга алып келдим. Бул иш-чара ядролук технологиялар тууралуу билимди жайылтууга жана жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталганы абдан жакшы. “Росатом” өкүлдөрү дайыма биздин университет менен тыгыз кызматташып, студенттерге заманбап технологиялар боюнча пайдалуу маалыматтарды беришет.

Эгер келечекте Кыргызстанда атомдук энергетика өнүксө, азыртан билим алып жаткан студенттер бул тармактагы даяр адистер болот. Мындай викториналар жаштарды жаңы билимге, илим жана инновация тармагына кызыктырууга чоң түрткү берет.

Ал эми викторинага катышуу үчүн келген студенттердин бири, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Бегимай Молдошева иш-чара боюнча буларга токтолду:

-Мындай интеллектуалдык оюндар ар дайым жаңы тажрыйба, таанышуулар жана жагымдуу эмоциялар менен коштолот. Алар биздин ой жүгүртүүбүздү кеңейтип, креативдүү ойлонууга түрткү берет. Ошондуктан студенттер арасында мындай иш-чаралар көп өткөрүлүп турса абдан жакшы болмок. Албетте, биз жакшы даярдандык, бирок эң негизгиси — жеңиш эмес, жаңы билим жана баалуу тажрыйба алуу.

Татыктуулар сыйланды

Иш-чаранын соңунда викторинанын жыйынтыгы чыгарылып, орундар ыйгарылды. Жыйынтыгында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери:
1-орунду — Усупбеков Эрболот,
2-орунду — Жаныбек уулу Ажибек,
3-орунду — Арнистов Алишер ээледи.

Бардык катышуучуларга «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын атынан белектер жана сертификаттар тапшырылды.

Ал эми эң жогорку упай топтоп, биринчи орунга татыган Усупбеков Эрболот өз таасирин мындайча бөлүштү:

— Викторинага жакшы даярдык менен келгем, бирок биринчи орунду алышым мен үчүн күтүүсүз болду. Бул менин келечекте илим менен технология тармагында дагы терең билим алууга болгон кызыгуумду күчөттү, — деди ал.

Маалымат үчүн: Global Atomic Quiz долбоору 2020-жылдан бери дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө өткөрүлүп, 11 тилде жүргүзүлөт. Ар жылы 40 миңден ашык адам катышып, долбоор илимди жайылтууга кошкон салымы үчүн “Илимге берилгендик үчүн” сыйлыгынын “Илим тынчтыкка” номинациясында белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16