Кыргызстандын 3 шаары конкурста жеңүүчү болду

Кыргызстандын 3 шаары конкурста жеңүүчү болду

Жума башында Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырганын Маданият, жаштар саясаты жана спорт министрлиги билдирди. 

Министрлик билдиргендей, аталган конкурс эки жылда бир облустук жана райондук маанидеги шаар мэрияларынын ортосунда өткөрүлөт. 

Бул жолу 1-орунду – Жалал-Абад облусунун Манас шаары утуп, Кыргызстандын жаштар шаары” титулу менен сыйланды. Ошондой эле шаар 3 млн сом акчалай сыйлык алды. 
2-орунга – Нарын облусунун Нарын шаары татыктуу деп табылып, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” титулу жана 2 млн сом менен сыйланды. 
3-орунга – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары татыктуу болуп, ал дагы “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” титулу жана 1 млн сом менен сыйланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол багытындагы жолду куруу пландалууда», — деп

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында берилген

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил