Бишкек мэри көчөлөрдөгү оңдоо иштерин текшерди

Бишкек мэри көчөлөрдөгү оңдоо иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жана коммуналдык ишканалардын өкүлдөрү менен бирге борбордук көчөлөрдөгү оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө эки тарабында тротуар курулууда. Бул аймактагы иштер “Бишкек шаардык телефон тармагы”, “Түндүкэлектр” жана “Бишкек ЖЭС” орнотулган коммуналдык линияларды жылдыргандыктан кечеңдеп жатат. Мэр ишти беш күндүн ичинде бүтүрүүнү тапшырды, мөөнөт сакталбаса муниципалитет өз эсебинен аяктырмакчы.

Ошондой эле Джунушалиев веложолду сапаттуу куруу, П-түрүндөгү светофорлорду орнотуу, мыйзамсыз унаа токтотууга каршы көзөмөлдү күчөтүү жана Медеров көчөсүндөгү иштерди тездетүү тапшырмаларын берди.

Восточная көчөсүндөгү текшерүү учурунда тургундар коомдук транспортту жакшыртуу жана байланыш номерлерин тактоо боюнча кайрылышты. Мэр жеке өзү жооптуу кызматкерге чалып, тапшырмаларды аткарууну камсыз кылды.

Кыдыруунун соңунда мэр Ч.Айтматов проспектисиндеги жер алдындагы өтмөк, Фучик көчөсүндөгү тротуарлар жана мурда батирлерди суу каптаган жерлердеги калыбына келтирүү иштерин текшерип, сапатты жана мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media