Муниципалдык унаа токтотуучу жайларга жол белгилерин чийүү уланууда

Муниципалдык унаа токтотуучу жайларга жол белгилерин чийүү уланууда

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы борбордун муниципалдык унаа токтотуучу жайларына жол белгилерин чийүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Турусбеков көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүнө жаңы белгилер чийилип жатат.

Иштер муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга жана тартипти жогорулатууга багытталган. Буга чейин унаа ээлери унааларын башаламан токтотуп, бир эмес, эки унаа токтотуучу жайды ээлешкен.

Мэрия шаар тургундарын унааларды атайын токтоочу жайларда гана калтырууга жана токтоо эрежелерин сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Алар коомдук тартипти сактоого,

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Алматы шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүү, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдеринин

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр синтетикалык тор жана 140 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди. 11-августта көлдөн 2300 метр синтетикалык тор жана 50 кг таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 кг таштанды, 13-августта 2500

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды