Тынчтык мыйзамы сакталбаса, жергиликтүү бийлик жооп берет

Тынчтык мыйзамы сакталбаса, жергиликтүү бийлик жооп берет

Мындан ары кафе-ресторандарда, оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдарда саат 22:00дөн кийин иш токтошу керек. Мында пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

 Анын айтымында кайсы жерде мыйзам сакталбай турган болсо, ага акимдер, губернатор, мэрлер жана жергиликтүү бийлик органдары жооп беришет.  “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга ылайык, тойканалар, оюн-зоок борборлору саат 22:00дө ишин токтотуп, таңкы саат 07:00гө чейин элге тынчтык берилиши милдеттендирилген. Бирок бул талап аткарылбай жатат.

"Жакында эле кесиптешибиздин тоюна барып калдым. Алардын тою түнкү саат 00:00гө чейин уланды, эч ким унчуккан жок. Андан кийин жакында Жалал-Абадда туугандарыбыздын тою дагы түнкү саат 23:00гө чейин уланды. Демек, жер-жерлерде Тынчтык мыйзамы аткарылбай жатат. Эми эгер кимдир бирөө мыйзамга баш ийбесе, губернатор, аким, мэр жана жергиликтүү бийлик органдары жооп берет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media