Жаратылыш министрлиги 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Жаратылыш министрлиги 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгын чыгарды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыл ичинде 79 нормативдик укуктук акт иштелип чыгып, анын 50си кабыл алынды, 12си Президенттин Администрациясында, 15и макулдашуу стадиясында, 1и кайра иштелүүдө. Ошондой эле 1 жарлык, 7 мыйзам, 13 токтом жана 26 тескеме кабыл алынды.

Министрлик 17ден ашык өкмөттөр аралык комиссиянын ишин координациялап, 20дан ашык эл аралык келишимдерге кол койду. Алар Россия, Кытай, Корея, Түркия, Япония, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттер менен кызматташтыкты камтыйт.

Маанилүү документтердин арасында Италия, Кытай, Тажикстан, Беларусь жана Өзбекстан менен кол коюлган меморандумдар, ошондой эле KOICA уюмунун 10 млн долларлык гранты менен ишке ашуучу “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоору бар.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн