Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банк менен социалдык кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банк менен социалдык кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Хью Риддел менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда социалдык коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды.

Министр Канат Сагынбаев Дүйнөлүк банктын социалдык тармактагы реформаларга кошкон салымын белгилеп, биргелешкен долбоорлор калктын жыргалчылыгын жакшыртууга чоң таасир эткенин айтты.

Учурда тараптар "Социалдык жардам жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоорун ишке ашырып жатышат. Анын алкагында "Үй-бүлөгө көмөк" программасын өркүндөтүү, "Социалдык контракт" жана "Жаштардын стажировкалары" сыяктуу багыттар ишке киртилип, эмгек мигранттарынын реестри түзүлүүдө.

Хью Риддел өз сөзүндө Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн жана жакырчылыктын кыскаруусунун оң динамикасын баса белгилеп, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу маанилүү экенин айтты. Ал жаңы каржылоо долбоорлорун даярдоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Тараптар социалдык жактан аяр жарандарды колдоого багытталган кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн