Кыргызстан менен Иран айыл чарба тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Иран айыл чарба тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Иран Ислам Республикасынын делегациясы менен расмий жолугушуу өттү. Делегацияны Хорасан-Разави провинциясынын губернатору Голам Хоссейн Мозаффари жана Кыргыз Республикасындагы Ирандын Элчиси Голам Хоссейн Ядегари жетектеди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба жана суу ресурстары тармагында кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Иран тарап кыргыз айыл чарба продукциясын сатып алуу, транс улуттук эгүү иштерин жүргүзүү, айыл чарба жабдууларын биргелешип өндүрүү жана экспорттоо, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, инвестиция жана экотуризм багытында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Министр Ж.К. Керималиев Кыргызстан буурчак, күрүч, пахта, бал, эт жана башка продукцияларды экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал эми губернатор Мозаффари ЕАЭБ базарларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтык багыттарын тереңдетүүдө макулдашып, мындан аркы конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген