Бүгүн Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн Бишкек шаарында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларын сунуштаган салттуу азык-түлүк жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, ишчаранын максаты: -Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү түз колдоо, шаар тургундарын арзан жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу жана Социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын баасын туруктуу кармоо болуп саналат. Жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш күндөрү уюштурулуп, борбор калаанын тургундары үчүн туруктуу иштеп турмакчы.

Жарманке өтүп жаткан даректер: Т. Усубалиев атындагы аянт; И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши; Эркиндик бульвары (Биринчи Май району).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкканын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты. Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган. Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

17-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турганы эл аралык маалымат булактары жарыялады. Жакынкы Чыгышта согуштан улам Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапкан. Ошол себептен Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калган. Тажикстандык айрым ишкерлер

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат.