Айыл чарба тармагы боюнча цифралар сүйлөйт

Айыл чарба тармагы боюнча цифралар сүйлөйт

Кыргызстандын аймагында дан эгиндеринин 679,0 миң га аянтынан 673,5 миң га (99,2%) жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу (658,1 миң га) жогору. Орточо түшүмдүүлүк 29,6 ц/га, жалпы өндүрүш 1 млн 994,6 миң тонна данды түздү.

Жашылча: 56,6 миң га аянттан 53,5 миң га (98,6%) жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 188,1 ц/га, жалпы өндүрүш 1 млн 6,8 миң тонна.

Картошка: 64,5 миң га аянттан 63,3 миң га (98,3%) жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 176,5 ц/га, жалпы өндүрүш 1 млн 176 миң тонна, өткөн жылга караганда өсүү байкалат (172,5 ц/га).

Бахча өсүмдүктөрү: Пландаштырылган 11,8 миң га аянт толук жыйналса, факты боюнча 12,2 миң га (103,8%)жыйынтык алынды. Жалпы өндүрүш 274 миң тонна, негизги өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.

Техникалык өсүмдүктөр: 32,3 миң га аянттан жыйноо уланууда. Май өсүмдүктөрү 12,2 миң га (96,9%), тамеки толугу менен жыйналды. Пахта — 19,0 миң тонна, кант кызылчасы 431,7 миң тонна (85,9%). Ошондой эле жүгөрү жана кант кызылчасын жыйноо иштери акыркы баскычта.

"Бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын быйылкы жылы да туруктуу жана жогорку натыйжалуу болуп жатканын айгинелейт",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү. Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: -        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95