Айылдарды таза суу жана сугат суу менен камсыздоо иштери уланууда

Айылдарды таза суу жана сугат суу менен камсыздоо иштери уланууда

Өлкөдө таза ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча ири долбоорлор активдүү жүрүп жатат. Бул багыт мамлекеттик саясаттын эң приоритеттүү тармактарынын бири катары Президенттин жеке көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда республика боюнча 119 айылда таза ичүүчү суу жеткирүү боюнча курулуш иштери аткарылууда. Жалпысынан 600 айыл таза суу менен камсыз кылуу программасына киргизилген.

Сугат суу тармагында да кеңири иштер жүрүүдө. Азыркы тапта 14 суу чарба объектинде курулуш жүрүп жатса, дагы 18 объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

2026-жылга чейин 55 ирригациялык объектти – насос станцияларын, каналдарды, БСР жана БДР сыяктуу маанилүү курулмаларды пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошол эле учурда, Курултайдын делегаттары менен министрлик өкүлдөрү ар жума сайын жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү жамааттар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media