Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Шаар башкармалыгынан билдиргендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – М. Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.

“Бишкексууканал” МИсы аталган аймактагы шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды керектүү көлөмдө ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты