Ош–Эркештам жолунда жүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлүүдө

Ош–Эркештам жолунда жүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлүүдө

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөттү. Кызмат мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объектилерди, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү келишим боюнча куралдуу коргоого алууга укуктуу.

Министрликтин маалыматына ылайык, айрыкча Ош–Эркештам жолунда жүк уурдоолордун жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында кызматкерлер тынымсыз иш жүргүзүп, жолдо коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат. Мындан тышкары, бузулуп калган унаалардагы жүктөр да кызматтын коргоосуна алынат, бул жүк ташуучуларга кошумча ишеним берет.

"ИИМдин Күзөт кызматы мүлктү коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, жогорку кесипкөйлүктү сактоону убада кылууда",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгына кабылган жаранга ОСАГО полиси боюнча 125 миң 200 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, полис жол кырсыгынан улам үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдардын мыйзамда белгиленген тартипте ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арча суу сактагычынын жээгине мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Текшерүүгө интернет булактарында тараган маалымат негиз болгон. Жыйынтыгында Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары,

Жаштар үчүн такшалма программасы дагы 24 аймакта ишке кирет

Жаштар үчүн такшалма программасы дагы 24 аймакта ишке кирет

Бишкекте жаштарга такшалма уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле кесиптик жана жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча үч күндүк тренинг жыйынтыкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, катышуучулар иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана жаштарды эмгек рыногуна даярдоо боюнча колдонмолуу билим алышты. Министрликтин маалыматына караганда, жаштардын такшалмадан өтүүсү