Т.Шайназаров: үгүт эрежесин бузган жарандарга айып пул салынып жатат

Т.Шайназаров: үгүт эрежесин бузган жарандарга айып пул салынып жатат

Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн айланасындагы соңку тенденциялар, үгүт кампаниясынын  жүрүшү тууралуу Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров  Би-Би-Сиге маек берген.

Анын айтымында мыйзам бузуулар тууралуу БШК маалыматты жарандардын кайрылууларынын негизинде, ошондой эле социалдык тармактарга чыккан маалыматтарга таянып чара көрүп жатат. Эреже бузуулардын көбү үгүт эрежелерине байланыштуу болууда. Айып пулдун алды жеке жактарга үчүн 7,5 миң сом, ал эми юридикалык тараптар 28 миң сомго чейин жетет.

Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул ирет шайлоодо админресурс   колдонулбастыгын билдирген төрага мамлекеттик кызматкерлерге ал түгүл лайк басууга тыюу салынгандыгын тастыктап, мындай аракеттердин болушун БШК гана эмес, жалпы коом көзөмөлдөш керектигин айтты.  

“Аны Борбордук шайлоо комиссиясы жана кайдыгер карабаган жарандар көзөмөлдөйт. Эгерде ошондой фактылар аныкталган болсо, биз текшерүү жүргүзүп, андан кийин чара көрүп жатабыз. Бир мамлекеттик орган ушул багытта иш алып барып жатат деген жок. Шайлоону ачык, таза өткөрүү бир гана БШК эмес, бүт мамлекетттик органдардын милдети. Жарандардын да милдети болуш керек.” – деп билдирди Шайназаров.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media