Токмокто жаштар үчүн заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Токмокто жаштар үчүн заманбап спорт комплекси курулуп жатат

15-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарындагы бир катар курулуш объектилери менен таанышты. Иш-чара жаңы спорт комплекси курулуп жаткан аянттан башталды. Ага шаар мэри Алтынбек Эргешов жана тиешелүү кызматкерлер катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Шаардын 3-кичи районунда курулуп жаткан спорт комплекси жаштар үчүн бардык шарттарды камсыз кылат. Жалпы аянты 1320 чарчы метрди түзгөн объектте кичи футбол аянтчасы, бокс жана күрөш залдары, машыктыруучулардын бөлмөсү жана кийинип-чечинүүчү жайлар каралган. Спорт комплекстин биринчи кабаты 200 көрүүчүгө ылайыкташтырылган, экинчи кабатында болсо стол тенниси үчүн зал жайгаштырылат.

Министр курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө толугу менен бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, спорт комплекстин курулушу быйыл июль айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media