Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

15-ноябрда Сокулук районундагы Кыргыз мамлекеттик асыл-тукум заводунда заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министр Бакыт Төрөбаев кызматкерлерге кайрылып, айыл жергесинде жашаган калктын турмушун жакшыртуу кызматкерлердин негизги милдети экенин белгиледи: "60% элибиз айыл жергесинде жашайт. Аларга жер да, суу да, үрөн да, кайра иштетүү да, вакцина да керек. Ар кандай суроолор менен кайрылышат, биз ошол суроолордун баарына ак ниет менен мамиле кылып, жардам беришибиз керек", — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал кызматкерлерди дыйкандар менен карапайым адамдарга жоопкерчилик менен кызмат көрсөтүүгө чакырды: "Ким келбесин — дыйканбы же карапайым адамбы — кабыл алып, маселесин аягына чейин чечип бергиле. Шартка байланыштуу акча бере албай калсаңар да, банкка, долбоорлорго, агрохолдингдерге багыттап, толук колдоо көрсөтүү зарыл".

Министрдин айтымында, жөнөкөй элдин кирешеси көбөйсө, өлкөнүн маданияты, билими жана экономикасы да өсөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media