Балдарды кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу процесси жөнгө салынды

Балдарды кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу процесси жөнгө салынды

Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Башкы прокуратура уюштурган балдар адилеттигин камсыздоо боюнча тегерек столго катышты. Иш-чарага ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Самман Тапа жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Катышуучулар мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жана алдын алуу иштерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Президент Садыр Жапаров кол койгон Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө бурулду. Алар балдарды кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу тартибин жакшыртууга багытталган.

Жыйынтыгында, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү жобосу иштелип чыгып, анын практикалык колдонуу жолдору талкууланды. Бул документ келечекте бардык кызматтардын ишин координациялоого жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого туруктуу жана бирдиктүү ыкма камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат.