КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт.

Негизги өзгөрүүлөр кайсылар?

Видео көзөмөл (камералар)
Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат. Бул маалыматтар текшерүүлөрдө жана мыйзам бузууларды аныктоодо колдонулат.

Рейддик текшерүүлөрдү күчөтүү
Салык кызматкерлери кызматкерлердин реалдуу санын, салыктардын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүшүн, кассалык аппараттарды жана санарип төлөмдөрдү колдонууну жана лицензиялардын болушун текшерүүгө кенен укук алышат. Бул көзөмөл такси, жеткирүү кызматтары жана онлайн-платформалар аркылуу иштеген башка сервистерге да жайылтылат.

Базарлар жана соода борборлорун көзөмөлдөө
Соода жайларынын администрациясына ижарачылардын салык тартибин көзөмөлдөө жана маалыматтарды мамлекетке берүү милдети жүктөлүшү мүмкүн. Мындай ыкма буга чейин ири базарларда сыноодон өтүп, кирешелердин өсүшүнө алып келгени айтылууда.

Жеңилдиктер жана мөөнөттөр
Айрым талаптар ишкерлерге ыңгайлашуу үчүн жылдырылды:

  • кассалык аппараттар жана электрондук коштомо кагаздар боюнча айрым нормалар 2027-жылдын 1-июлуна чейин узартылат.
  • агрегаторлор аркылуу иштеген такси жана курьерлер маалыматтарды салык системасына өткөргөн шартта кассалык аппарат колдонбошу мүмкүн.

Башка өзгөрүүлөр
Реформа товарларды маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу жана “жашыл” экономика сыяктуу тармактарды да камтыйт. Ошондой эле эскирген айрым нормаларды жокко чыгаруу сунушталууда.

МинКаб реформанын максаты көмүскө экономиканы кыскартуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана салык башкарууну жөнөкөйлөтүү экенин белгилейт. Бирок айрым эксперттер бул чаралар бизнеске басымды күчөтүп, ишкерлер арасында талкуу жаратышы мүмкүн экенин айтышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media