Д.Орунбеков: Полемикага эмес, иштин жыйынтыгына көңүл буруңуздар

Д.Орунбеков: Полемикага эмес, иштин жыйынтыгына көңүл буруңуздар

Өлкөдө социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ылдам темпте ишке ашып жаткан учурда, мамлекеттик кызматкерлер полемикага аралашпастан, өз милдеттерин так аткарууга көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал белгилегендей, мурдагыдай имараттардын ачылышын майрамга айландырууга мүмкүнчүлүк болбосо да, азыр бир күндө жүздөгөн социалдык объекттердин лентасы онлайн кесилип жатат. 2020-жылы бюджет 247,7 млрд сом болсо, быйыл ал триллиондон ашкан.

"Мындай темпти кармап, андан ары улантыш үчүн ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, тоскоолдуктарга алаксыбаш керек.
Кээ бир, мекен көзүнөн учкан бекерчи былжырбайлардын айткандарына теригип, аларга жооп бергенди токтоткула! Бул бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү.
Алардын айтканын талдап, мурда кылган жана кылбаган иштерин эстеп, убактыңарды коротпой, мамлекет тарабынан алдыңарга коюлган тапшырмалар менен алектенгиле.
Андай полемикага аралашсаңар, бир тыйын пайда таппайсыңар. Силерге ишенип берген кызматыңардын убактысын текке кетирген болосуңар",— деди Дайырбек Орунбеков.

Ошондой эле ал кызматкерлерди өткөн-кеткендерге басым жасабай, алдыга умтулуп, иш менен далилдөөгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media