Эмгек министрлиги: 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

Эмгек министрлиги: 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адиси Садаткүл Мукамбетовага шилтеме берүү менен “Кабар” улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жумуш орундарына орношуу үчүн жарандар министрликке кайрылышы керек. Учурда чач тарач, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, бухгалтер, котормочу жана айдоочу кесиптеринесуроо-талап жогору.

Аталган кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү окутуулар уюштурулуп, кесиптик лицейлер менен келишимдин негизинде жумуш издеген жарандар акысыз окутулат жана сертификат берилет. Окутуунун баасы 4600 сомду түзөт, бирок бул чыгымды мамлекет камсыз кылат. Ошондой эле мамлекет жол кире катары 360 сом төлөп берет.

Мындан тышкары, министрлик акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды да караган. Анда иштеген жарандар орточо 1 миң 800 сом ала алышат. Садаткүл Мукамбетованын айтымында, бул сумма чоң болбосо да, мамлекеттин колдоосу катары каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media