ИИМ: Шайлоо учурунда мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөт

ИИМ: Шайлоо учурунда мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөт

Ички иштер министрлиги 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жарандарды, талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн мыйзамды так сактоого чакырды.

Министрлик добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга каршы катуу чаралар көрүлөрүн, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздаларын билдирди. Ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча ыкчам чара колдонулат.

ИИМ жарандардан шайлоодо атуулдук милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууну жана шайлоонун адилет, ачык жана мыйзамдуу өтүшүнө салым кошууну суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы