Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча ведомствого караштуу бардык административдик имараттар акырындап жаңыланууда. “Буюрса, 2–3 айдын ичинде жаңы имаратта иштеп каласыздар. Эң башкысы – таза жана адилеттүү иштеңиздер”, — деди Нурдан Орунтаев.

Учурда кызматкерлер жайгашкан эски имарат Кемин шаарынын Ленин көчөсү 101 дарегинде турат. Жаңы административдик имарат ошол эле көчөдөгү 86В дарегинде курулууда. Долбоордо кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, “бирдиктүү терезе” кызматы жана техникалык бөлмөлөр бар.

Азыркы учурда объектдин эскиздик долбоору толук даярдалып, котлован казуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, министрликтин ички ресурстарынын негизинде курулууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ондон ашык жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media