Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан «КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы, КР жараны А.В.К. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси  тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөтү чындыкка дал келбеген мөөнөттү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.

Ушуга байланыштуу, кече, 17-ноябрында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү боюнча кылмышка шектелип А.В.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды