Токмокто жаңы административдик имарат курулууда

Токмокто жаңы административдик имарат курулууда

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алардын иштеп жаткан имаратынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда башкармалык кызматкерлери 4 кабаттуу имараттын экинчи кабатында ижарада иштеп келүүдө. Министр белгилегендей, 2026-жылы кызматкерлер жаңы административдик имаратта иштей баштайт. Имарат шаардын Жантаев көчөсүндө курулуп жатат жана курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Нурдан Орунтаев өлкө аймагындагы министрликке караштуу бардык административдик имараттар жаңыланып жатканын белгилеп, аймактардагы архитекторлордун отурган имараты да заманбап инфратүзүмдүн үлгүсү болушу керектигин айтты.

Жаңы долбоорго ылайык, эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр каралган. Имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулуп жатат. Учурда өлкө боюнча ондон ашык жаңы имарат салынып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат.