Майыптыгы бар жарандар өндүрүшкө активдүү тартылууда

Майыптыгы бар жарандар өндүрүшкө активдүү тартылууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунда майыптыгы бар жаштарды колдоого багытталган "Чүй облусунун жаш майыптар союзу" коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аталган уюм 2005-жылдан бери Чүй облусундагы 1600дөн ашуун майыптыгы бар жаранды бириктирип, билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп келет.

Бирикменин борборунда катышуучулар эмгек, чыгармачылык жана өз ара колдоо аркылуу активдүү коомдук жашоого аралаша алышат. Министр Сагынбаев уюмдагы ишке орноштуруу тажрыйбаларын жогору баалап, бул моделди башка аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн карады.

Учурда бирикме мамлекеттик социалдык заказдын алкагында күч түзүмдөрүнө тигүү буюмдарын даярдап, туруктуу жумуш орундарын түзүүдө. Бул майыптыгы бар адамдардын эмгекке болгон кызыгуусун арттырып, туруктуу киреше табуусуна шарт түзүүдө.

"Бул тажрыйба туура уюштуруунун натыйжасында майыптыгы бар адамдар өндүрүштүк процесстерге толук кандуу тартылып, эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандаша аларын айкын көрсөтүп турат", — деди министр Канат Сагынбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат.

Бишкекте эттин баасына карата рейд өткөрүлдү

Бишкекте эттин баасына карата рейд өткөрүлдү

Бишкектеги базарларда эттин баасын жогорулатууга жол бербөө максатында рейд өткөрүлдү. Маалыматка таянсак, эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эттин баасын жогорулатпоо жана жарандарды сапаттуу эт менен камсыздоо белгиленди. Ошондой эле, Ленин районунда этти социалдык баада саткан соода түйүндөрүнүн иши текшерилди. “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан этти арзан сатуу үчүн бөлүнгөн жер