1-декабрдан тарта такси айдоочуларынын лицензиясы текшерилет

1-декабрдан тарта такси айдоочуларынын лицензиясы текшерилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-декабрдан тарта такси болуп иштеген айдоочулардын лиценциясы текшериле баштайт. Ал эми оң рулдуу унааларга такси болуп иштөөгө тыюу салынат.

Аталган башкармалык айдоочуларга такси болуп иштөө үчүн лицензияны өз убагында алууга чакырат. Болбосо 1-декабрдан тарта лицензиясы жокторго айып салынат. 

Лицензия алуу үчүн керектүү документтер:

– унааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, унааны башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
– техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү, айдоочунун стажы үч жылдан кем эмес болушу керек;
– белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
– соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат (оор жана анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт). 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media