Агродиалог-2026: өлкөнүн мыкты дыйкандары жана малчылары тандалат

Агродиалог-2026: өлкөнүн мыкты дыйкандары жана малчылары тандалат

Жыл сайын уюштурулуп келген Агродиалог форуму 2026-жылы да план боюнча өтөт. Бул ирет форумга өлкөнүн бардык аймактарынан өзгөчөлөнгөн 40 чемпион тандалмакчы: алардын 20сы өсүмдүк өстүрүү, 20сы мал чарбачылыгы багытында болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Форумдун негизги максаты – дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиштер, жашылчалар жана мал чарбачылыгы тармактарында тажрыйба алмашуу. Ошондой эле, жогорку түшүм берген сортторду өстүрүп жаткан дыйкандардын жана малчылардын ийгиликтерин жайылтуу, аларды башка өндүрүүчүлөргө үлгү катары көрсөтүү болуп саналат.

2025-жылы жогорку өндүрүмдүүлүк көрсөткүчтөрүнө жетишкен фермерлер кошумча маалыматты жашаган жериндеги райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан ала алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти