Ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды

Ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды

Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелген жарандарды колго түшурдү. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаран Д.М. арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен анын ири өлчөмдөгү акча каражатын (5 500 000 сомун) ээлеп алган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Текшерүү учурунда белгисиз адамдар арыз ээсине телефон чалып, өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, андан соң “мэриянын кызматкери” делген адам менен байланышууну сунушташканы аныкталган.
Кийинчерээк, кайрадан телефон чалуу учурунда, кылмышкерлер өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, жаранды адаштырып, анын банктык эсебинде турган акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен. Каражаттардын сакталышын камсыздоо зарылдыгын айтып, алар арыз ээсин көрсөтүлгөн сумманы “коопсуз эсепке” деп аталган эсепке которууга көндүрүшкөн, андан кийин байланышты токтотушкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында,   2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.у.И. жана А.у.Н. кармалды. Шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media