Таласта мыйзамсыз балык чарбаларына 122,6 миң сом доо коюлду

Таласта мыйзамсыз балык чарбаларына 122,6 миң сом доо коюлду

Талас облусунда Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы Бакай-Ата жана Талас райондорунун прокуратуралары менен биргеликте балык чарбаларынын ишине мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө балык негизинен дренаждык сууларда өстүрүлүп жатканы белгилүү болду.

Адистердин айтымында, дренаждык суулар кышында тоңбогондуктан, балык өстүрүүгө ыңгайлуу көрүнгөнү менен, мыйзам боюнча мындай системаларда чарба жайгаштырууга тыюу салынат. КР Суу кодексине ылайык, суу ресурстары, дренаждык жана ирригациялык тармактар — мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.

Мониторинг учурунда айыл өкмөттөр менен түзүлгөн айрым келишимдер мыйзамсыз экени аныкталды. Себеби дренаждык системаларды пайдаланууга айыл өкмөттөрүнүн укугу каралган эмес. Ошондой эле жайыт жерлеринде трансформациясыз берилген участоктордо топурактын түшүмдүү катмарын казуу фактылары катталып, тиешелүү эскертүү берилди.

Буга чейин аймактык башкармалык тарабынан эсептелген 122 673,6 сом өлчөмүндөгү доо Бакай-Ата райондук прокуратурасына өткөрүлгөн. Учурда 6 балык чарбасына карата мыйзамдуу чараларды көрүү боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат.