2026-жылдын 1–7-январы Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот

2026-жылдын 1–7-январы Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот

2026-жылдын 1-январынан баштап 7-январга чейин (кошо алганда) Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот.

Анткени бул күндөр жумуш эмес майрамдык күндөр – Жаңы жылдык каникулдар жана "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) майрамы. Кимде ким бул күндөрү ишке тартыла турган болсо, анын эмгек акысы эки эселенген өлчөмдө төлөнүшү керектелет.

 Мындай маалыматты КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашып, 2026-жылдын аралыгында жалпы 21 майрамдык күн бекитилгендигин жарыялашты. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын иш эмес майрам күндөрү төмөнкүлөр болмокчу:

1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - Жаңы жылдык каникулдар;
8-март - Эл аралык аялдар күнү;
21-март - Нооруз элдик майрамы;
1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май - майдагы каникулдар;
5-май - КРнын Конституциясынын күнү;
9-май - Жеңиш күнү;
31-август - Көз карандысыздык күнү
"Орозо айт", "Курман айт", ай календары боюнча белгиленген мусулман майрамдары
7-январь - Рождество Христово (православдык майрам)

 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media