Аксыда үч кабаттуу заманбап мектеп курулууда

Аксыда үч кабаттуу заманбап мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жылгын айылында заманбап М.Барпиев мектеби курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылып, имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстар каралат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабатын тургузуу иштери аткарылууда. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пайдалануудагы мектеп 2012-жылы жеңил конструкциядан 12 жылга курулган. Учурда 368 окуучу билим алууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объекттеринин сапатын туруктуу негизде көзөмөлдөп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолдорунун курулушу текшерилди. Көзөмөл иштери Жеңиш, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Боз-