Бала бакчаларды каржылоо эми башкача жүргүзүлөт

Бала бакчаларды каржылоо эми башкача жүргүзүлөт

МинКаб мектепке чейинки билим берүү мекемелерин нормативдик финансылоонун жаңы эрежелерин бекитти. Токтом бюджеттик каражаттарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган. 

Токтомго ылайык, бала бакчалардын чыгымдары бекитилген нормалардын негизинде эсептелет. Ошону менен бирге эмгек төлөмүнүн фонду нормативдерге кирбейт жана тарифтик тизмелер менен штаттык нөөмөткө жараша өзүнчө каржыланат.  

Коммуналдык кызматтар дагы нормативдерге кирбей жергиликтүү же республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. 

Баланын канцеляриясы, гигиена каражаттары жана башка керектүү материалдар ата-энелер тарабынан төлөнөт. Бала бакчадагы бир күндүн баасын жергиликтүү органдар бала бакчалар менен биргеликте аныктайт жана каражаттар алардын эсебине түшөт. Ошондо бала бакчаларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле ата-энелердин каражаттарынан жүргүзүлөт. 

Аталган документ типтүү нормативдер жайылтылбаган атайын бала бакчаларды, Билим берүү министрлигинин, Баткен облусунун, Бишкек шаарынын айрым мекемелерин жана мамлекеттик, күч структураларынын ведомстволук бала бакчаларын өзүнчө шарттайт. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16