Чоң-Алайда "Ак пейил" кооперативи 19 га кунарсыз жерди өздөштүрүүдө

Чоң-Алайда "Ак пейил" кооперативи 19 га кунарсыз жерди өздөштүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында жайгашкан "Ак пейил" айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Кооперативдин мүчөсү, айыл аксакалы Токтобеков Мураталы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди. Кооперативге 19 гектар кунарсыз жер аянты бөлүнүп берилген, азыр бул жерлерди өндүрүшкө пайдалуу аймакка айландыруу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы этапта жер толугу менен курчалып, тор зым менен тосулду. Жакынкы сезондо кооператив төмөнкү өсүмдүктөрдү эгүүнү пландап жатат: картошка, итмурун, чычырканак жана аймактын климаттык шарттарына ылайык башка айыл чарба өсүмдүктөрү.

Министрлик белгилегендей, кунарсыз жерлерди эффективдүү пайдалануу демилгеси Чоң-Алай районундагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.