Эмгек жана иш менен камсыздоо тармагында кыргыз-британ кызматташуусу кеңейет

Эмгек жана иш менен камсыздоо тармагында кыргыз-британ кызматташуусу кеңейет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эл аралык эмгек мобилдүүлүгү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр К. Сагынбаев кесиптик байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Н. Боулер британ тарап мындан аркы конструктивдүү диалогго даяр экенин маалымдады. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоо ниеттерин тастыкташты.

Мындан тышкары окуңуз

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө

Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Кыргызстандыктар эми интернет алдамчылыгы же шектүү чалуулар болсо, мамлекеттик органдарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн негизде, ыкчам кайрыла алышат.  Эгер жаранга шектүү телефон чалуу же билдирүү келип, же ал шылуундардын курмандыгы болуп калса, арызды электрондук түрдө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тиркеме аркылуу колдонуучулар: -        электрондук кайрылуу түзө алышат; -        тиешелүү мамлекеттик органды тандай