К.Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 автоунаа тапшырды

К.Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 автоунаа тапшырды

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна (УЭжБКБ) 10 кызматтык автоунаа тапшырды. Бул транспорт борбордун нөөмөттүк бригадаларынын оор абалдагы аялдар жана балдарга өз убагында жардам көрсөтүүсүн камсыз кылып, оперативдүүлүктү жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Ташиев борбордун 4 400 м² аянттагы толук жаңыланган аймагын да көрүп чыкты. Бул аймакта жаңы асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Жаңыланган аймак кызматкерлер жана бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

Буга чейин Ташиевдин тапшырмасы менен борборго Тыналиев көчөсү аркылуу жаңы жол курулуп, жеткиликтүүлүк жакшыртылган. Ошондой эле борборго эндоскопиялык УЗИ аппараты, видеогастроскоп, видеобронхоскоп, видеоколоноскоп жана башка заманбап медициналык жабдуулар берилген.

Ташиев кызматкерлерди жаңы автоунаалар менен куттуктап, дарыгерлердин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанисин белгиледи жана ак халатчандардын жумушуна ийгилик каалады.

Белгиленгендей, Улуттук эне жана баланы коргоо борбору өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык мекемелердин бири болуп саналат. Жыл сайын борбордо 30 миңдей бала стационардык, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет. Новатордук диагностика жана дарылоо ыкмалары борбордо туруктуу колдонулуп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media