Спирт агенттиги жана "Кара-Балта спирт заводунда" ири аудиттик кемчиликтер аныкталды

Спирт агенттиги жана "Кара-Балта спирт заводунда" ири аудиттик кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Агенттик боюнча:
Аудит натыйжасында мыйзамсыз алынган алкоголдук продукция боюнча эсеп так жүргүзүлбөгөнү, айып санкцияларын өндүрүүдө кечигүүлөр болгондугу, 2023-жылга мамлекеттик сатып алуулар планы бекитилбегени жана айрым командировкалык документтер толук толтурулбаганы аныкталды.

“Кара-Балта спирт заводунда”:
Эмгек келишимдеринде милдеттер так көрсөтүлбөгөнү, эмгек акы аныктоонун бирдиктүү тартиби жоктугу, сатып алуулар плансыз жүргүзүлгөнү жана запастык бөлүктөр боюнча актылар толтурулбаганы белгиленди.

Эсептөө палатасы эки мекемеге кемчиликтерди жоюу жана ички контролду күчөтүү боюнча көрсөтмөлөрдү берди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?