Сүлүктүдө жаштар үчүн жаңы маданий борбор ачылды

Сүлүктүдө жаштар үчүн жаңы маданий борбор ачылды

Сүлүктү шаарында жаштарды маданий жактан өнүктүрүү жана колдоо максатында жаңы маданий борбор ишке берилди. Борборго Билим берүүнүн мыктысы, маданиятка эмгек сиңирген кызматкер Увадат Сабурованын ысымы ыйгарылды, деп билдиришти Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттен 50 млн сом жана жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом бөлүнүп башталган. Борбордо азыр шаардык тарых музейи, борборлоштурулган китепкана, балдар китепканасы жана шаардык балдар искусство мектептери жайгаштырылды.

Маданият министрлиги тарабынан оргтехника, элдик аспаптар жана эмеректер берилсе, жергиликтүү бюджеттен улуттук кийимдер сатып алынган.

Ачылыш аземине президенттин өкүлү Айбек Шаменов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Сүлүктү шаарынын мэри баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

Борбор жаштарга маданий билим алуу, чыгармачылык менен алектенүү жана шаар турмушуна активдүү катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз