УКМК кызматкеринин атын жамынып, элдин акчасын алдап алган жаран кармалды

УКМК кызматкеринин атын жамынып, элдин акчасын алдап алган жаран кармалды

УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, Чүй облусунда жарандардын акча каражаттарын алдамчылык жолу менен ээлеп алган Н.Х.А. аттуу жаран кармалды.

УКМУнын басма сз кызматынан кабарлагандай, Н.Х.А. УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, ИИМ өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылган. Жыйынтыгында жарандын 3 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.

Кийинчерээк, берген убадасын аткарбагандыгы үчүн жаранга карызын кайтаруунун ордуна, шектүү жабырлануучуларга кысым көрсөтүп, “Кызмат адамына пара берүү боюнча” кылмыш ишин козгоо менен коркуткан.

КР УКМК Н.Х.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды: 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 телефондоруна кайрылууну суранат.

КР УКМК коомчулуктан - финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын каражатын ээлеп алган мындай көз боемочуларга жана кылмыштуу аракеттерге ишенбөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media