Кыргызстан абактарында завод, фабрикалар, тоок фермалар иштеп жатат

Кыргызстан абактарында завод, фабрикалар, тоок фермалар иштеп жатат

Кыргызстанда түрмөлөрдө дагы темирдей тартип орноп, абактагылар иш менен камсыз болгонун президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармак аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мурда соттолгондор 24 саат бою бош болуп, аларды мамлекет багып келген. Бирок, алардын баары "мыйзамдагы ууруга" баш ийишип, калгандары "мыйзамдагы ууруга" ай сайын акча жана ар кандай буюм-тайым чогултуп берип турушкан. 

"Кыскасы, жалпы түрмөлөрдөн "мыйзамдагы уурунун" чөнтөгүнө ай сайын жүздөгөн миллиондор түшүп турган. Ошол себептен ал долларлык миллиардер болуп чыга келген.

Эми мамлекет ошол миллиарддарга түрмөдөгүлөрдүн өздөрүнө шарт түзүп берди”,-дейт Д.Орунбеков. 

Буга улай ал түрмөлөрдүн ичинде завод-фабрикалар, тоок фермалары, мал баккан чарбалар иштеп, жер-жемиштерди өздөрү өстүрүп, тамак-ашын өздөрү таап, андан тышкары мамлекетке да киреше берип жатышканын жазган.  

“Жаза мөөнөтүн өтөөчүлөр мурда үйлөрүнөн акча, тамак, кийим-кече сурап келишсе, азыр тескерисинче, үйлөрүнө акча жибере башташты. Себеби, баары бирдей иштешет, баарына бирдей шарттар түзүлдү. Кийимдери бекер, тамак күнүнө үч маал берилет. Мурда мындай болоору түштөрүнө да кирбейт эле. Мурдагыдай "сен байкушсуң, мен блатноймун" деген заман жок. Баары тең укуктуу, баары бирдей”,-деп жазат президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media