Кыргызстан менен Венгрия айыл чарба жаатында кызматташтыкты кеңейтти

Кыргызстан менен Венгрия айыл чарба жаатында кызматташтыкты кеңейтти

Будапешт шаарында Кыргыз–венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өттү. Иш-чарага КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М.И.Дуйшеев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба минитсрлигинен билдиришти.

Жыйындын алкагында тараптар айыл чарба жана ветеринардык кызматташтык багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Айыл чарба министрликтеринин ортосунда ветеринардык көзөмөл жана коопсуз продукция боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизги багыттары:
  • Жаныбарлардын оору ылаңдарын алдын алуу үчүн маалымат жана тажрыйба алмашуу;
  • Эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүү;
  • Ветеринардык илимий жана диагностикалык мекемелердин кызматташуусу;
  • Ветеринардык көзөмөлгө алынган продукциялар менен коопсуз сооданы өнүктүрүү.
Ошондой эле, Дуйшеев Венгриянын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүп, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү, мал чарба жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Анын ичинде венгр жогорку окуу жайларында кыргыз студенттерин гранттык негизде окутуу программаларын кеңейтүү маселеси каралды.

Жыйын айыл чарба жаатында эки өлкөнүн кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media