Кыргызстанда 8136 бош жумуш оруну бар, жумушсуздук деңгээли 1,4%ды түзөт

Кыргызстанда 8136 бош жумуш оруну бар, жумушсуздук деңгээли 1,4%ды түзөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда 8136 бош жумуш орундары бар. Эң жогорку суроо-талап жумушчу адистиктерге багытталууда.

Учурда республикадагы расмий жумушсуздук деңгээли 1,4% түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адамды түзсө, алардын ичинен 40,9 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 117 211 жаран кайрылган.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын көмөгү менен 13 274 адам жумушка орноштурулду.

Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуулар уюштурулду. Алар: компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чачтарач, тырмак тазалоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электрогаз ширетүүчү, сантехник-слесарь

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?