Түптө 73,3 млн сомго мал чарба жана ветеринардык кызматтын жаңы имараты курулду

Түптө 73,3 млн сомго мал чарба жана ветеринардык кызматтын жаңы имараты курулду

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районунда мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жаңы имараты расмий пайдаланууга берилди. Иш-чарага Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.

Эски имарат авариялык абалда болгон жана 1978-жылы курулган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы имаратка 73,3 млн сом бөлүнүп, курулуш аяктады. Эки кабаттуу имаратта кеңсе бөлмөлөрү, ветеринардык аптека жана архив жайгашкан.

Министр Төрөбаев белгилегендей, облус ветеринардык системасы толук иштеп, био-каражаттар менен камсыздалган, 1,8 млн баш малга эмдөө жана профилактика жүргүзүлдү. Малды идентификациялоо 139% аткарылып, 69 миң ири-мүйүздүү мал, 8 300 бал челектер жана 104 балык чарбасы СИОЖ системасына киргизилди. Ар бир райондук башкармалыкка «Нива» автоунаалары берилди.

Ошондой эле, Балыкчы шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча жаңы лабораториянын курулушубашталды. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 350 миң долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин айрым абоненттерге ысык суу берүү токтотулат. Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт: * Панфилов көчөсү: 188/2,