Салык кызматынын борбордук аппараты 16га кыскарса, аймактарда ошончого көбөйдү

Салык кызматынын борбордук аппараты 16га кыскарса, аймактарда ошончого көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматынын штаттык бирдиктеринин параметрлерине өзгөртүүлөр киргизилди. Жалпы чектелген штаттык саны өзгөрүүсүз калды: негизги персонал — 3332 штаттык бирдик, техникалык жана тейлөөчү персонал — 454 бирдик. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, борбордук аппарат 16 адамга кыскартылды: негизги персонал боюнча 409 штаттык бирдик (мурун 422 болчу) жана техникалык жана тейлөөчү персонал боюнча 42 бирдик (мурун 45 болчу).

Аймактык жана функционалдык бөлүмдөрдө кызматкерлердин саны 16 адамга көбөйдү: негизги персонал боюнча 2752 адам (мурун «аймактык бөлүмдөр» — 2739) жана тейлөөчү персонал боюнча 409 адам (мурун 406 болчу).

Ведомстволук карамагындагы бөлүмдөр өзгөрүүсүз калды — негизги персонал 171 адам жана тейлөөчү персонал 3 адам.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди. "Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС)

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты. Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд