Таластагы үзгүлтүксүз уланып жаткан мал уурулуктун бети ачылды

Таластагы үзгүлтүксүз уланып жаткан мал уурулуктун бети ачылды

Талас РИИБге райондун 3 тургуну 2025-жылдын 22-ноябрына караган түнү 2 баш уй жана 1 баш жылкы кулуну менен белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдалганын билдирип, арызданышкан. Бул боюнча КРнын Кылмыш-Жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголгондугун Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирг караганда Талас РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары, Талас районунун тургундары 1991-ж.т. К.С. жана 1994-ж.т. С.С. кармалып, 23-ноябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр малды өздөрү жашаган жерден жана кошуна айылдын тегерек четинен уурдагандыгы анык болду.

 Кылмышка шектүүлөрдүн башка мал уурулуктарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, К.С. аттуу жарандын 2025-жылдын апрель-август айларында уурдалган 4 бодо малын уурдоого тиешеси бар экендиги тастыкталган.

 Жалпысынан арыз ээлерине 800 000 сомдук материалдык чыгым келтирилип, 400 000 сомдук чыгым өндүрүлгөн. Калган чыгымды өндүрүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media